Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Ага-ини Навальныйларга каршы жаңы кылмыш иши козголду


Антикоррупциячыл орус блоггери Алексей Навальныйга жана бир тууганы Олегге каршы жаңы кылмыш ачылды. Бүгүн Орусиянын тергөө комитети жарыялаган билдирүүгө караганда, ага-ини Навальныйлар 2008-жылы алардын фирмасы менен иштеген компанияны “атайылап чыгашалуу келишимге кол койгонго макулдатып”, 120 миң доллар чыгымга учураткан.

Кечээ күнү башталган Алексей Навальныйдын сот жараяны 24-апрелге калтырылган. Ал сотто Навальный Киров облусундагы токойчулук менен иш жүргүзгөн фирмалардан 510 миң доллар уурдаган деп айыпталууда. Блоггердин айтышынча, сот жараяны президент Путинди сындоосун токтотууну көздөйт.

Навальный былтыр Путин үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайлангандан кийин Орусияда өткөн массалык нааразылык акцияларды уюштуруучулардын бири.

XS
SM
MD
LG