Президент Барак Обама 15-апрелдеги марафондук жарыш кездеги террордук жардыруунун курмандыктарын эскерүү үчүн Бостон шаарына келди.
2001-жылдын 11-сентябрындагы кыйраканадан кийинки эң кандуу чабуулда үч киши өлүп, 170тен ашуун адам жарадар болгон. АКШ бийликтеринин билдиришинче, байкоочу видеокамера тарткан тасмадан удаа-удаа жардырууга тишеси бар деп шектелген бир адам аныкталган. Анын сүрөтү коомчулукка жарыялана элек жана жардырууга байланыштуу кимдир бирөө камакка алынганы да маалымдалган эмес.