Грекияда бийлик кулпунай плантациясында иштеген мигранттарды аткан кожоюндар “чукул арада жана эстен кеткис болуп” жазаланарын убада кылды. Өкмөт өкүлү Симос Кедикоглу бул окуяны “адамгерчиликке жатпаган уят иш” деп атады.
Афинанын батыш тарабынан 260 чакырым алыс жайгашкан Неа Манолады кыштагындагы фермада иштеген, алты айдан бери маяна ала албай жаткан 200дөй мигрант менен жетекчилердин ортосунда чатак чыккан. Натыйжада бир плантациянын башчысы мигранттарга ок чыгарып, андан 27 адам жарадар болду. Полиция “кандуу кулпунай” окуясына байланыштуу бир адам камакка алынганын кабарлады.
Грекияда мигранттарга болгон мамиле сынга алынып келет. Өлкөдө ар бир төртүнчү адам жумушсуз болуп турган чакта четтен келип иштегендерге каршы маанай күчөдү. (EBM)