Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Муфтият “Закят” фонду боюнча күч органдарына кайрылды


Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы “Закят” коомдук фондун “Ислам динине таандык терминди жамынып алып, аны өз кызыкчылыгына колдонууда, фонддун иши иши шарияттын эрежелерине дал келбейт",- деп айыптап жатат. Муфтият фонддун ишин текшерүү боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ички иштер министрлигине кат жолдоду. Элди айлакерлерге алданып калбоого чакырды

“Закят” фондду азырынча бул айыптоолорго комментарий бере элек.

Буга чейин "Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду “Закятты” атайын буклеттерди чыгарып, мурунку президент Отунбаеванын фондунун атын жамынып, элден мыйзамсыз акча чогулта баштады деп билдирген болчу. Буга байланыштуу чара көрүү өтүнүчү менен тартип коргоо органдарына кат да жолдонгон эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG