Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Оң рулдуу унаа менен эл ташууга тыюу салынат


Жогорку Кеңеш кечээки жыйынында унаа каражаттары тууралуу мыйзам долбоорду көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Анда оң рулдуу унаалар менен эл ташууга тыюу салуу каралган. Мыйзам долбоор эми президенттин кароосуна жиберилет.

Документти иштеп чыккан депутаттар мындай чара жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн керек экенин айтып чыгышкан. Жол коопсуздугун күзөткөндөр кан жолдордо кырсыкка көпчүлүк учурда оң рулдуу унаалар кабыларын билдиришкен. Бирок оң рулдуу унаа ээлери мындай каршы пикир, чараларга макул эмес. (EBM)

XS
SM
MD
LG