Камерундун түндүгүндө «Боко харам» террордук тобу уурдаган француз үй-бүлө бошотулду. Кечээ кечинде үй-бүлө мүчөлөрүн, анын ичинде төрт баланы камерун бийликтери өз көзөмөлүнө өткөрүп алып, учурда алар
коопсуз жайда экени кабарланууда. Мындан башка маалыматтар азырынча айтыла элек.
Француз жарандары феврал айында Камерундун түндүгүндө Нигерия менен чектеш аймакта барымтага алынган.
Африка өлкөлөрүндө француз жарандардын террорчул топтордун курмандыгына айлануусу Франция Малиде радикал исламчыларга каршы аскерий операциясын баштагандан тарта күчөдү. (GA/RK)