Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

Ош милициясы: кылмыштуулук азайды


Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Ош шаарында кылмыштуулуктун саны азайды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын жылдын алгачкы үч айлыгы боюнча чыгарган отчетунда айтылды. Маалыматка ылайык, 2012-жылдын алгачкы үч айында 595 кылмыш катталган. Анын ичинен 36сы оор кылмыштар. Быйыл ушул аралыкта 480 кылмыш катталып, анын 23ү оор кылмыш экени көрсөтүлөт. Быйыл катталган кылмыштардын 367синин бети ачылган.

Аймакта кылмыштуулуктун санын кыскартуу, стабилдүүлүктү сактоо максатында ушул жылдын февраль айынан тарта Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгы түзүлүп, иштей баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG