Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:04

Пакистанда Мушараф дагы жарым ай абакта калат


Исламабадда анти-терроризм соту Пакистандын мурдагы мамлекет башчысын дагы эки жумага абакта калтырууга өкүм кылды. Мушараф сотко бүгүн эртең менен келди. Ал жума күнү камакка алынган эле.

Мурдагы президентке 2007-жылы чукул абал киргизип, Конституцияны убактылуу күчүнөн кетиргенде сотторду мыйзамсыз кызматтан алган деген айып коюлууда. Фейсбукта Мушараф өзүн ак жеринен күнөөлөп жатышканын айткан.

Ал өткөн айда Пакистанга кайтып келип, 11-майга белгиленген шайлоого катышканы жаткан. Бирок анын талапкердиги четке кагылды.

Мушараф 1999-жылы кандуу төңкөрүштө бийликке келип, 2008-жылга чейин мамлекетти башкарып турган.

XS
SM
MD
LG