Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

Нарында окуучулардын эл аралык форуму өттү


19-апрелде Нарында башталган “Биз XXI кылымдын интеллектуалдары” деген аталыштагы форуму бүгүн жыйынтыкталды. Иш-чарада жаш ойлоп табуучуларындын сынагы уюштурулду. Сынака Казакстан жана Кыргызстандын аймактарынан келген мектеп окуучулары өз эмгектерин алып келген. Форумга 100гө чукул бала катышып, эң мыкты ойлоп табуулар тандалып алынды. Алардын арасында чакан генераторлор, комбайн жана башка буюмдар бар.

Форумду балдардын “Алтын түйүн” республикалык инженердик-техникалык академиясы Билим берүү жана илим министрлиги менен өткөрдү. Иш чарага республиканын окумуштуулары, ойлоп табуучулары, инженерлер менен педогогдор, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, Мамлекеттик интеллектуалдык менчик боюнча фонддун өкүлдөрү катышты. (TSh)

XS
SM
MD
LG