Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Батукаевдин дарты тууралуу аныктама күмөн жаратууда


Гематология борборунун айрым адистери “мыйзамдагы ууру” делген Азиз Батукаевге коюлган диагноздон күмөн санашууда. Бул тууралуу Батукаевдин бошотулушун иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев “Азаттыкка” билдирди.

“Гематология борборунда документтерге кол коюлуп, “курч лейкоз” деген диагноз чыккан. Ошол эле борбордун башкы адистери жана башка дарыгерлери күмөн санап, мындай болушу мүмкүн эмес деп жатышат. Ошондуктан азыр комиссиянын алдында медиктерден турган эксперттик топ түзүлүп жатат”,-деди Сапарбаев.

9-апрелде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Парламент бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзгөн. Өткөн аптада депутаттык комиссия бир катар жетекчилерди кызматтан убактылуу четтетүүнү сунуштаган. Андан көп өтпөй эле вице-премьер-министр Шамил Атаханов кызматын өз эрки менен убактылуу тапшырганы кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG