Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн лидери, “Ар-намыс” фракциясынын төрагасы Феликс Кулов парламентти таркатууга негиз жоктугун бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өлкөдө саясий кризис жаралган шартта коалиция ыдырап, кайра түзүлүп, жаңы өкмөт куралышы зарыл.
Буга чейин “Республика” фракциясынын жыйынында депутат Кенжебек Бокоев бийлик кризиске кептелгенин айтып, парламент тарап кетиши керектигин билдирген. Анын айрым фракциялаштары болсо Жогорку Кеңеш эмес, өкмөт тарашы зарылдыгын айтышкан. (EBM/BkA)