Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:48

Кыргызстандыктар Орусияга ички паспорт менен кире албайт


22-апрелде Москвада өткөн Кыргызстан-Орусия өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда анык болгондой, кыргыз жарандары Орусияга тышкы паспорт менен гана кире алышат. Орусиянын Федералдык Бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов бул тартип качантан тартып киргизилерин так айтпаганы менен, чет элдик жарандарды Орусияга чет өлкөгө кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү паспорт менен киргизүү тартиби – мезгил талабы болуп жатканын белгилеп, бул маселе өз учурунда көтөрүлүп жатат деген пикирин билдирди.

Буга байланыштуу Орусия өкмөтү кыргызстандык жарандарды чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк берүүчү паспорт менен толук камсыз кылууга каржылык-техникалык жактан жардам берүүгө даярдыгы кечээки жыйында айтылды.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын Орусияга виза аркылуу киргизүү талабын орус оппозициясы жыл башында көтөргөн. Кийинчерээк бул маселе айрым расмий жетекчилер тарабынан да айтылган.

Эки тараптуу келишимдерге ылайык, кыргызстандык жарандар Орусияга ID паспорт менен кирүү укугуна 2007-жылдын 15-февралынан тартып ээ болушкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG