Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Брюсселде Кабул менен Исламабаддын мамилеси талкууланат


Ооган президенти Хамид Карзай шейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Пакистандын расмий өкүлдөрү менен жолугуп, аймактагы тынчтык жараянын талкуулоо үчүн Брюсселге сапар алат. Карзайдын расмий өкүлү Аймал Фаизи бул жолугушуу Кабул менен Исламабаддын ортосундагы мамилени оңдоо үчүн уюштурулуп жатканын билдирди. Эки коңшу өлкөнүн ортосундагы чыңалууга чечилбеген чек ара талашы, элдешүү жараянынын үзгүлтүккө учурашы себеп болууда. Карзайдын өкүлү Пакистан элдешүү боюнча убадаларына турбаганын, ооган элинин Исламаддын аракетине карата чыдамы түгөнүп баратканын кошумчалады. (KKs)

XS
SM
MD
LG