Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Президент талибдер барымтага алган жаранды бошотуу аракетин көрүүнү тапшырды


Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук комитетине Ооганстанда талибдер барымтага алган кыргыз жараны Нургазы Конушбековду бошотуу боюнча бардык чараларды көрүүгө тапшырма берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов кабарлады.

Анын айтымында, президент бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алып, барымтага түшкөн Конушбековду бошотуу боюнча жүрүп жаткан аракеттерден кабар алган.

22-апрелде эки учкучту кошкондо он жүргүнчүсү бар тик учак Ооганстандын Логар провинциясында авариялык конууга аргасыз болгондон кийин талибдердин колуна түшкөн. Барымтага алынгандардын арасында 47 жаштагы Нургазы Конушбеков аттуу кыргызстандык жаран бар экени тууралуу маалымат тастыкталды. (BkA\ZB)

XS
SM
MD
LG