Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

ТИМ: Жол эрежесин бузган дипломаттын иши иликтенүүдө


Орусияда мас абалында автоунаа айдап, жол эрежесин бузду делген Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин биринчи катчысы Шамил Кайкиевдин аракети боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков билдирди. Анын айтымында, бул боюнча бардык маалыматтар министрликке келип түштү. Учурда Кайкиевдин кандай жагдайда мыйзам бузганы такталып жатат. Кызматтык иликтөө аяктаган соң дипломаттын аракетине мыйзам чегинде баа берилип, жоопкерчилиги каралат.

Мындан мурда Орусиянын бир катар маалымат каражаттары Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин биринчи катчысы Шамил Кайкиев Москвада мас абалында дипломатиялык номери бар унааны башкарып, жол көзөмөл кызматынын кызматкерлерине баш ийбей, чыр чыгарганын жазып чыккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG