Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Иракта сунниттер лагеринде атышуу болду


Шейшембиде Ирактын коопсуздук күчтөрү нааразылык билдирген суниттердин лагерин кыдырып, анын соңу атышуу менен аяктады. Коргоо министрлиги Хавийа аймагындагы бул кагылышта 23 адам набыт болгонун, алардын арасында аскерлер да бар экенин билдирди. Министрлик аскерлер козголоңчуларга жооп катары ок ачканын, коопсуздук күчтөрү 75 согушкерди жана мыйзамсыз куралдарды аныктаганын кабарлады. Нааразылык билдирген тарап болсо аскерлер ок ачканда колдорунда эч кандай курал-жарак болбогонун айтышууда. Ирактын суннит мусулмандары өткөн жылдын декабрь айынан бери шииттер башкарган өкмөткө наарызылык билдирип келет. Шейшембидеги рейдге каршылык аракетинде Ирактын эки суннит министри кызматтын тапшырды. Хавийадагы бул окуя башка аймактарда суннит козголоңчуларынын армия жана полицияга кол салуусу менен коштолду. (KKs)

XS
SM
MD
LG