Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Кино үйү “Алмаздын” антеннасы боюнча түшүндүрмө берди


Кино үйүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Авазбек Момуналиев “Алмаз” радиосунун антеннасынан улам чыккан чыр тууралуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Ага ылайык, антенна орнотулган имараттын чатыры оңдолгону жатат, ошондуктан "Алмаз" радиосуна жабдуусун алуу тууралуу эскертүү берилди. Андан сырткары "жеке менчик маалымат каражатынын антеннасы Кино үйү турган имараттын чатырында орнотулганы акылга да, мыйзамга да сыйбайт",- дейт Момуналиев.

Буга чейин көз карандысыз “Алмаз” радиосунун жетекчиси Рустам Кошмуратов аталган радионун жабылуу алдында турганын, Маданият министрлигинин Кинематография департаменти эч себепсиз эле антеннаны алууну талап кылганын айтып, билдирүү тараткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG