Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Акыйкатчы парламент андан отчет албай койгонго нааразы


Акыйкатчы Турсунбек Акун былтыр жасалган иштери тууралуу отчетун Жогорку Кеңеш албай койгонуна нааразы экенин “Азаттыкка” билдирди. Парламенттин бүгүнкү жыйынында кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишин бүткөндөн кийин гана Акыйкатчынын отчетун угуу тууралуу чечим кабыл алынды. Турсунбек Акун депутаттар буга чейин Башкы прокурор Аида Салянованын отчетун Батукаевге байланыштуу шарт койбой эле укканын, бүгүнкү жыйынга аймактардагы Акыйкатчынын өкүлдөрү да келгенин, алар убара болгонун айтууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG