Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Атамбаев: Митингдер демократиянын белгиси


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын, Бириккен Араб Эмиратынын, Египеттин, Испаниянын, Норвегиянын, Нидерланддын, Кувейттин жана Израилдин элчилеринин ишеним грамотасын алды. Дипломаттарды иштеринин расмий башталышы менен куттуктады.

Президент өз сөзүндө аталган өлкөлөр менен Кыргызстандын мамилеси жаңы деңгээлге чыгарына, жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыларына ишеним билдирди. Кыргызстандын эң оор күндөрү артта калганын, апрель ыңкылабынан берки үч жылда эл мыйзамдын үстөмдүгү демократия экенин түшүнгөнүн, мыйзамды бузгандар жоопко тартыларын да белгиледи.

Алмазбек Атамбаев митингдер демократиянын белгиси экенин, мисалы Парижде кечээги 300 миңдей адам катышкан митингди коомчулук кадимкидей кабылдаганын, Кыргызстанда да бул жараяндарга көнүшү керектигин айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG