Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

УКМК: Бекназаров документи болбогондуктан Ак үйгө киргизилген жок


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Эл үнү” оппозициялык кыймылынын лидери Азимбек Бекназаровдун тиешелүү документи болбогондуктан Жогорку Кеңешке киргизилбегенин билдирди. Беканазаров бүгүн парламентте Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгарган мыйзам долбоору тууралуу баяндама жасаганы жаткан. Депутаттар арасында буга байланыштуу талаш-тартыш чыккан. Оппозициядагы фракциялардын айрым депутаттары Бекназаров кирсин деп сунуш киргизди, бирок буга коалициялык көпчүлүктүн өкүлдөрү көнгөн жок.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынынын күн тартибине Кумтөр боюнча мыйзам долбоору коюлган жок. Бийликчил депутаттар аталган алтын кен боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгын күтүү керектигин айтышты. Парламенттин бүгүнкү талкуусу түшкө чейин эле аяктап, эртеңкиге чейин тыныгуу жарыяланды.

Учурда нааразылык акцияга чогулгандардын арасынан 20 чакты аял депутаттарга жолукканга аракет жасап жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG