Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Акыркы он жылда биринчи жолу Apple аз киреше алды


Apple компаниясы 2013- жылдын 1 - кварталында 9, 5 млрд. доллар таза киреше алды. Бул акыркы он жылдагы эң начар көрсөткүч. Кирешенин азайышын Apple смартфон жана планшет сатуудагы күчтүү атаандаштык менен түшүндүрдү. IPhone, iPad, iPod жана Macintosh компьютерлерин жасоочу компания өткөн жылдын алгачкы үч айы боюнча 11, 6 млрд. доллар киреше алган эле. Смартфон жана планшеттерге болгон талап азаят деген кооптонуудан улам компаниянын баалуу кагаздарынын наркы бир кыйла төмөндөй түшкөн. Бирок, iPhone жана iPad жакшы сатылганга байланыштуу компаниянын жалпы кирешеси үч айда 43, 6 млрд. долларды түздү. Apple үч айда 376 4 млн. даана iPhone жана 19, 5 млн. iPad сатты. Түштүк Кореянын “Самсунг” жана Тайвандын НТС компаниялары америкалык компаниянын күчтүү атаандаштары саналат.

XS
SM
MD
LG