Бүгүн Ооганстандын Жалалабад шаарына чукул жерде болгон жер тербетүүдө бир адам өлдү. Ооган бийликтери жарадар болгон 60 кишинин жыйырмасы ооруканага жаткырылганын билдирди. АКШнын геология институтунун эсебинче, жер титирөөнүн күчү 5, 7 баллга жеткен. Пакистандын метеорология кызматынын кабарлашынча, зилзаланын кубаты 6, 2 балл болгон. Кабулда, Исламабадда жана Жаңы Делиде да жер титирөөдөн турак үйлөр кыймылга келгени маалымдалды.