Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Беларуста 50дөй кыргызстандык жаран жашырынып жүрөт


Пашкевич тарткан сүрөт
Пашкевич тарткан сүрөт
Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин өкулдөрүнөн турган топ өлкөсүндө кылмышка шектелген кыргыз жарандарын алып келүү маселесин чечүү үчүн ушу тушта Беларуста жүрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов маалымдады. Анын айтымында, аталган өлкөдө мындай элүүдөй адам бар жана алар 2010-жылы экс-президент Курманбек Бакиев менен кошо чыгып кеткен мурунку бийликтеги адамдар жана алардын жакындары.

Өткөн жылы жайында Беларустагы “Чындыкты сүйлө” коомдук уюмунун мүчөсү Михаил Пашкевич Facebook баракчасына мурунку президенттин иниси Жаныш Бакиевдин Минскте жүргөндөгү сүрөттөрүн жарыялаган. ИИМ бул сүрөттөрдөн Жаныш Бакиевдин жанындагы эки адамды аныктап, бири анын курсташы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчи орун басары Тахир Рысалиев, экинчиси мурунку президенттин уулу Максим Бакиевдин жакын досу Рустам Сайдуев экенин кабарлаган. Экөө тең Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу издөөдө жүргөн.

Мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү үчүн сот февраль айында Курманбек Бакиевди 24 жылга, ал эми Жаныш Бакиевди өмүр бою сыртынан кескен болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG