Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Шектүү тик учактар боюнча иш сотко өттү


Транспорт прокурору Кубанычбек Мамакеев Кыргызстанга Ооганстандан учуп келген тик учактар боюнча кылмыш иш сотко өткөнүн “Азаттыкка” маалымдады.

Буга чейин аталган прокуратура иликтөөнүн жүрүшүндө эл аралык деңгээлде көз боёмочулук менен шугулданган топ ашкереленгенин билдирген. Алар чет өлкөлүк учак, тик учактарды Кыргызстанга каттатып номер берип, клону, башкача айтканда, жасалма түгөйлөрүн даярдаган. Топ башында Пакистанда туулган, дагы башка беш өлкөнүн жарандыгын алып жүргөн Билал Насир Малик деген адам турганы, анын Кыргызстандагы шериги жарандык авиациянын мурдагы кызматкери Сергей Шурпа экени айтылган.

Прокуратура Жарандык авиациянын мурдагы жетекчиси баш болгон 11 адамга айып таккан.

2011-жылы жайында Ооганстандан үч тик учак чек арадан мыйзамсыз өткөн деп камакка алынган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG