Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Сербия Сребреницадагы кыргын үчүн кечирим сурады


Сербия президенти 1995-жылы Сребреница чөлкөмүндөгү 8 миңдей босниялык мусулман эркек жана балдарды өлтүрүүдөгү өлкөсүнүн ролу үчүн кечирим сурады. Босниянын өкмөттүк телевидениеси үчүн даярдалган билдирүүдө Томислав Николич: “Мен тизе бүгүп, Сребреницада жасалган кылмыш үчүн Сербиянын атынан кечирим сурайм”, - деди.

Николичтин сөзүнүн айрым бөлүгү Ютубда (YouTube) да чыкты. Босния мусулмандарынын лидери Бакир Изатбегович 23-апрелде Белградда Николич менен кездешкенде эки өлкө алга жылуусу үчүн Сребреницадагы кандуу булоонду танбоого чакырган.

Коңшулаш Балкан мамлекеттеринин өз ара алакасынын жакшыруусу Сербиянын Евробиримдикке мүчө болуусу үчүн аябай маанилүү. Дүйшөмбү күнү Сербия өкмөтү Евробиримдик арачылык кылган сүйлөшүүдө Косово менен мамилесин жөнгө салууга макул болгон.

XS
SM
MD
LG