Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

Санэпидкөзөмөл кенелерден сактанууга чакырууда


Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тургундарды кенелерден сактанууга чакырууда. Борбордун мите курттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Жыпара Ашакееванын “Азаттыкка” билдиришинче, азыр кене энцефалит вирусу жугуу коркунучу жогору болгон мезгил башталды. Андыктан жарандар токойго, сейил бактарына барганда денеге тыгыз жабышкан, жеңи узун кийимдерди кийиши керек. Ошондой эле дайыма баш кийим кийип, моюн жоолук салынуу сунушталат. Сейил бактан келген соң денени карап чыгуу абзел. Маалыматка ылайык, жылуулук түшкөндөн бери жүздөн ашык адам кенеге чактырып алды.

Кене чаккан учурда санитардык көзөмөлдөө борборуна кайрылуу керек. Адистер денеден кене табылса, аны тумшугу калбашы үчүн этияттык менен чыгарууга үндөшөт. Кенени пинцет менен кармап, аны огунун айланасында тегеретип, андан кийин сууруп салуу керек. Кенени бышык жиптин түйүнүнүн жардамы менен да алып салууга болот. Андан соң аны санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборлоруна алып келүү керек.

Кене энцефалити - бул көбүнчө борбордук нерв системасын буза турган курч инфекциялуу вирустук оору. Кенелер аркылуу жугуучу бул илдет күчөп кетсе, адамды майыптыкка алып келип, өлүмгө да дуушар кылышы мүмкүн. Кене энцефалитинин инкубациялык мезгили бир суткадан 30 күнгө чейин созулат. Оору калтыроо, баш оору, жүрөк айлануу, беттин, көздүн, моюндун жана көкүрөктүн кызарышы, эстен тануу менен коштолот. (KKs)

XS
SM
MD
LG