Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Бакиевдерди экстрадициялоону Интерполдон талап кылышат


“7-апрель” кыймылы Беларуста башкалка тапкан мурдагы президент Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын экстрадициялоого көмөктөшүүнү Интерполдон талап кылат. Кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүн бир нече активист Интерполдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн алдында нааразылык акциясын уюштурат. Алар эл аралык кылмыш полициясынан Бакиевдерди Кыргызстанга кайтарууга эмне үчүн чечкиндүү аракет көрбөгөнү боюнча түшүндүрмө сурашат.

Буга чейин “7-апрель” кыймылы Бакиевдерди экстрадициялоо маселеси менен Бишкектеги Беларус элчилигинин, эл аралык уюмдардын имараттарынын алдына митингге чыгышкан. Өткөн жылы бир катар кыймылдар биргелешип уюштурган митинг Беларус элчилигин таш бараңга алуу менен аяктаган.

Ушул тушта Кыргызстандын күч органдарынан турган атайын топ кылмышка шектелген кыргыз жарандарын экстрадициялоо маселесин чечүү үчүн Беларуста жүрөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG