Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:18

Алматыда “Стамбул процесси” башталат


Бүгүн Казакстандын Алматы шаарында Ооганстан боюнча “Стамбул процесси” аттуу бир катар өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жыйында маңзатка жана террорчулукка каршы күрөшүү, регионалдык инфраструктураны күчтөндүрүү, чөлкөмдөгү сооданы өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдарда жана билим-илим багытында кызматташуу маселелери талкууланат.

Коопсуз жана туруктуу Ооганстан үчүн уюшулган “Стамбул процесси” 2011-жылдын ноябрь айында декларация кабыл алган. Ал декларацияга Ооганстан, Кытай, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Сауд Арабиясы, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Бириккен Араб Эмирлиги кол койгон. Алматыдагы конференцияга азырынча канча өлкөнүн министрлери катышаары так белгисиз. (KKs)

XS
SM
MD
LG