Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

АКШ базасы кетсе “Манас” аба майданынын кирешеси кескин азаят


Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынын вице-президенти Нурлан Мамыров бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, аба майдандагы АКШнын аскерий базасы чыгып жатканына байланыштуу 2013-жылы киреше 40 пайызга, тактап айтканда 655 миллион сомго аз болот деп болжолдонуп жатат. Быйыл жыл башынан бери коалициялык күчтөргө таандык учак, тик учактардын чартердик каттамдары 31 пайызга азайды.

Учурда аба майдандын жетекчилиги чыгашаларды оптималдаштыруу жолдорун карап, кошумча киреше табуу үчүн инвесторлорду издеп жатат. Учурда түрк ишкерлери менен кошумча салык төлөмү жок соода жайларды ачуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG