Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Аба ырайы: шашылыш кабар


Кыргызстанда 26-29-апрель күндөрү жааган жаан-чачындан улам тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

27-апрелде маал-маалы менен жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Кээ бир райондордо жамгыр катуулайт. Тоолуу аймактарда жол тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19 градус; Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +13…+18 градус; Баткен облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19 градус; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +15…+20 градус; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18 градус; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16 градус.

Бишкекте 27-апрелде түнкүсүн жана эртең менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн +7... +9, күндүз +17... +19 градус болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG