Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Ооганстандагы кырсыкта өлгөндөрдүн саны 45 адамга жетти


Ооган бийликтери түштүктөгү Кандагар шаарына жакын жердеги кырсыкта өлгөндөрдүн саны 45 адамга жеткенин кабарлашты. Кандагар провинциясынын бийлик өкүлү “Азаттыкка” сүйлөп, өлгөндөрдүн арасында жаш балдар менен аялдар да болгонун, кеминде 10 адам жаракат алганын айтты.

Жолдо бараткан автобус күйүүчү май толтурулган оор машине менен кагылыша кеткен. Кырсыктын себептери дале иликтенип жатат. Бирок коңшулаш Хелманд вилоятынын губернаторунун айтканына караганда, май ташып бараткан машинеге талиптер чабуул коюп, күйүп жаткан машинени жолдун ортосуна калтырып кетишкен. Ошол учурда автобус катуу ылдамдыкта келатып, аны түртүп алган. Анткен менен Кандагар бийлигинин өкүлү бул кабарды четке какты. (TD)

XS
SM
MD
LG