Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:03

Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы жыйынтыкталды


Кыргызстанда Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы жыйынтыкталды. Эл аралык жаштар фондунун Кыргызстандагы Jasa.kg программасы уюштурган акцияга 15тей уюм катышып, кайрымдуулук акциялары апта ичинде өлкө боюнча өттү.

Акциянын координатору Айжамал Мураталиева 20-апрелден 27-апрелге чейин республиканын ар кайсы аймагында түрдүү акциялар уюштурулганын кошумчалады. Жумалыктын алкагында оорулар тууралуу окутуулар, карыялар жана балдар үйүнө жардамдар, троллейбуста акысыз бир күн жүрүү, билим берүү, жалгыз бой адамдардын үйүндөгү жумуштарын кылып берүү жана башка иш чаралар өттү. (AKu)

XS
SM
MD
LG