Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Аба ырайы: сел жүрүшү мүмкүн

28-29-апрелде катуу жаандан улам айрым жерлерде сел жүрүшү мүмкүн.

29-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Тоолорго кар түшөт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл кылаасында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15 градус; Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15; Баткен облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17 градус; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +13…+18 градус; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16 градус; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16 градус.

Бишкекте 29-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот. Абанын температурасы: түнкүсүн +5... +7, күндүз +13... +15 градус болот.
XS
SM
MD
LG