Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Бразилиянын “Маракана” стадиону кайра ачылды


Рио де Женейронун “Маракана” стадиону үч жылдык реконструкциядан соң кайра ачылды. Бул стадиондо 2014-жылкы дүйнөлүк футбол чемпионатынын ачылыш салтанаты жана финалдык беттешүүсү, ошондой эле 2016-жылкы жайкы Олимпия оюндары өтөт. Жаңыланган стадиондогу алгачкы футболдук беттешүүнү көргөнү аны реконструкциялоого катышкан жумушчулар менен кызматчылар жана алардын үй-бүлөлөрү чакырылды.

30 миң адам катышкан салтанатка Бразилиянын азыркы президенти Дилма Руссеф, мурдакы президенти Луиз Инасио Лула да Сильва дагы башка ырасмий коноктор катышты. Стадиондун ачылышы бир нече жолу артка жылдырылып, курулуштун сапаты адистер ичинде нааразылыктарды жараткан.

XS
SM
MD
LG