Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:57

Сириянын премьер-министри кол салуудан аман калды


Жарылуу болгон жер. 29-апрель, 2013-жыл.
Жарылуу болгон жер. 29-апрель, 2013-жыл.
Мамлекеттик маалымат каражаттары бул окуяны “террордук чабуул” деп аташты. Алардын кабарына караганда, Вайиль ал-Халкинин автокербени баш калаа Дамасктын батышындагы Маззи районунан өтүп бара жаткан кезде бомба жарылган.

Маалымат агенттиктер жарылуудан жабыр тарткандар бардыгын, бир нече унаа талкаланганын кабарлашты.

Дамаскта соңку айлардагы жардыруулардан жүздөгөн киши каза тапты же жаракат алышты.

Сирияда президент Башар Асаддын режимине каршы 2011-жылдын май айында тынч маанайда башталган нааразылык акцияларынын арты жарандык согушка айланып, андан өмүрү кыйылгандардын саны 70 миңден ашып кетти. (UE)

XS
SM
MD
LG