Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:36

Пешеварда жанкечтинин чабуулунан сегиз киши мерт болду


Пешевардын жарылуу болгон бөлүгү. 29-апрель, 2013
Пешевардын жарылуу болгон бөлүгү. 29-апрель, 2013
Полициянын маалыматына караганда, Пакистандын түндүк батышындагы Пешевар шаарында автобус аялдамасынын жанындагы жарылуудан кеминде 45 киши жаракат алган.

Өлгөн сегиз кишинин арасында ооганстандык эки расмий өкүл да бар. Полициянын маалыматына караганда, чабуул шаар жетекчилеринин бутага алгандай.

Анткени жарылуу болгон жерден бир аз мурда шаардык бийлик өкүлүнүн автокербени өткөн эле. Жардырууну мотоциклчен киши жасаган.

11-майдагы парламенттик шайлоону утурлай Пакистандын аймагында чабуулдардын саны арбыды.

Алардын көпчүлүгү үчүн Талибандын Пакистандагы бөлүмү жоопкерчилик алууда.

Тобокелчилик күчөгөндүктөн, айрым саясий партиялар шайлоочулар менен жолугушууларды сыртта өткөрүүнү токтотууну чечишти. (UE)

XS
SM
MD
LG