Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:55

Бишкекте грузиялык “мыйзамдагы уурунун” соту болот


Шаардагы Биринчи май райондук соту грузин тектүү “мыйзамдагы ууру” Илья Самсониянын ишин карай баштайт. Өткөн аптада анын адвокаты келбей калганына байланыштуу иш бүгүнкүгө жылган эле. Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, жасалма паспорт алып жүргөн деп айыпталып жатат.

40 жаштагы Илья Самсония Грузиянын Махарадзе шаарында төрөлүп, грузин жараны болуп саналат. Аны өткөн жылдын ноябрь айында орус бийликтери жасалма кыргыз паспорту менен кармап, Кыргызстанга жиберген. Ага чейин Самсония үч жыл Архангельск облусунда абакта отуруп чыккан. Ал маңзат соодасы менен алектенген деп соттолгон жана түрмөдө Кыргызстандын жараны катары отурган. Анын кыргыз паспортундагы аты Илияс Алиев. (EBM)

XS
SM
MD
LG