Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Ажылыкка 4,5 миңдик квота берилди


Сауд Арабиясы Кыргызстан үчүн быйылкы ажылыкка да 4,5 миң орун бөлдү. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Жусупбек Шарипов билдирди.

Анын айтымында, бул квота, эгер кыргыз тарап кайрылса, дагы көбөйтүлүшү мүмкүн:

- Муфтий баш болуп келип кетишти. Бул жактын Ажылык министрлиги менен жолугушуулар өттү. Шарттарын сүйлөшүп, 4,5 миң квотаны алып кетишти. Бирок каалоочулар андан да көп болушу ыктымал. Эгер ошондой өтүнүч болсо, биз да сүйлөшкөнгө жардам беребиз.

Адатта Сауд Арабиясы Мекеге ажылык сапарга барам дегендерге мусулман өлкөлөрдүн калкынын санына жараша квота берет. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG