Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Ажылык: акча чыры тутанчудай


Ажылык сапарга камылга башталганы анын тегерегиндеги талаштар кайрадан жанданды.

Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар конгрессинин жетекчиси Бакыт Нурдиновдун айтымында, буга чейин муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин ажылык визаларды чет элдиктерге сатканы, 2012-жылы ажылыкты уюштуруу ишинен акча өөнөп калганы белгилүү болгон.

- Кандай уурулук кылганы боюнча биз президентке жана башка тиешелүү бардык органдарга кайрылып жатабыз. Ал муфтий болуп туруп, өзүнүн жанына 1 миллион 300 миң долларды салып, Сауд Арабиясына кеткен. Анткени мейманкана жана башка төлөмдөрдү төлөп, ошондон өөнөп калууну максат кылган. Өзүнүн оң колу, ошол кезде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда иштеген Жусуп Балтабаевдин колуна 400 миң доллар берип, аны да кошо алып кеткен.

Рахматулла ажы Эгембердиев былтыр июлда муфтийдин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, ал эми декабрда мусулмандар курултайында Кыргызстан муфтийи болуп шайланган. Бирок Нурдинов аны мыйзам бузуу менен шайланган деп эсептейт. Ошондой эле 2012-жылы Рахматулла ажы Эгембердиев ажылардын эсебинен Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Жусупбек Шариповго машине тартуу кылган деп маалымдады:

- Сауд Арабиядагы элчи Жусупбек Шариповго 21 миң долларга, мындайча айтканда 1 миллион сомго автомашина тартуу кылып жатат. Эмненин негизинде? Буга ким уруксат берди? Спикер Асылбек Жээнбековдун агасы болгон үчүн ага кошомат иретинде берилип жатат. Мисалы, азыр Чубак ажыны салык төлөгөн эмессиң деп жатышат. Бирок эмне үчүн 21 миң долларды муфтий берип койгону боюнча эч бир иш кылышпайт?

Быйылкы ажылыкты уюштуруу ишинде коррупциялык иштердин мейкиндиги дагы кеңейт деп эсептеген Бакыт Нурдинов аны көзөмөлгө алууну президенттен жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен талап кылууда.

Муфтият: дооматтар негизсиз

Бирок айтылган дооматтарга муфтияттын да өз жүйөлөрү бар. Алар Бакыт Нурдиновду жеке таарынычтан улам ушундай негизсиз билдирүүлөр менен чыгып жатат деп санашат. Диний башкармалыктын басма сөз катчысы Эсен Өмүракуновдун айтымында, Нурдинов буга чейин ажылык боюнча бир катар адамдарды айыптап, бирок анын бири да далилденген эмес.

- Ал айткан фактылардын көбү далилденбейт. Визалар азыр миң долларга сатылып жатат дейт. Эгер андай фактылар болсо аларды кармап, тиешелүү органдар аракеттениши керек да, туурабы? Эгер биздин кызматкерлер ошондой бир иш кылып жаткан болсо, биз дароо эле аларды муфтияттан четтетебиз.

Ал эми автоунаа тууралуу түшүндүрмө берген муфтият, Сауд Арабиядагы элчинин өзүнө эмес, жалпы элчиликке машина сатып берүү жалпы муфтияттан колдоо тапканын айтууда. Ал машина ажылар Мекеге барган кезде уюштуруу ишин ыкчам жүргүзүү үчүн ажылык штаб тарабынан колдонулат. Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Жусупбек Шарипов болсо “Азаттыкка” буларды айтты:

- Ажылык учурунда Мекеге кирип-чыгыш татаалдашып, атайын уруксаттын негизинде гана жүргүзүлөт. Былтыр аны дагы күчөтүшкөн. Ал эми ажылык штабдын бул жакта машинасы жок болгондуктан, машина алып, дипломаттык номур алып берсеңиздер деп суранышкан. Ажылык учурунда биз, бүткөндө сиздер пайдаланып турсаңыздар дешкен. Биз макул деп, элчиликтин эсебине каттап, 0004 деген дипломаттык номур алганбыз. Былтыр бул машина ажылыкта колдонулган.

Кыргызстанда акыркы жылдары ажылыкты уюштуруу иши катуу талаш-тартыштар, бирин-бири коррупцияга айыптаган билдирүүлөр менен коштолот. Анын арты Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, ошондой муфтийдин алмашуусуна чейин алып келген учурлар болгон.

Адистер ажылыкты уюштуруудагы коррупциялык аракеттерге дин кызматкерлеринен тышкары, жогорку кызмат адамдары, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү да аралашат деп айтып келишет. 2011-жылдан тарта ажылыкты уюштуруу иши мыйзам аркылуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Муфтият жыл сайын уюштуруу иштери ачык-айкын болот деп убада кылышат.

Кыргызстанга Сауд Арабия жылдагыдай эле быйыл да 4,5 миң ажылык виза бөлдү.
XS
SM
MD
LG