Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Чемпиондор лигасы: Боруссия финалга чыкты

Футбол боюнча Чемпиондор лигасында Дортмунддун Боруссиясы биринчи болуп финалга чыкты. Немис клубу жооп таймашта Мадриддин “Реал” командасына 2:0 эсебинде утулуп калды. Эки гол тең таймаштын акыркы мүнөттөрүндө киргизилди. Ага карабай биринчи матчта 4:1 эсебинду уткан Боруссия” жалпы 4:3 эсебинде алдыга чыкты.

Бүгүн Чемпиондор лигасынын финалынын экинчи таймашы өтөт. Испан гранды Барселона Мүнхендин Бавариясын кабыл алат. Биринчи матчта  Бавария 4:0 менен атаандашын жыккан болчу. Финал 25-майда Лондондун "Уэмбли" стадионунда өтмөкчү. (EBM)
XS
SM
MD
LG