Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:49

Грецияда коомдук транспорт кызматкерлери иш таштады


Грециядагы 1-Май демонстрациясы. Афина, 1-Май, 2013-жыл.
Грециядагы 1-Май демонстрациясы. Афина, 1-Май, 2013-жыл.
Иш таштоо бир суткага мерчемделген. Андан улам бүткүл өлкө боюнча коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учурады. Бул сектордо иштегендердин профсоюзу жумушсуздукка жана өкмөттүн 2014-жылга чейин бюджеттен айлык алгандар санын дагы 15 миңге кыскартуу планына нааразылык билдирүүдө.

Еврошаркеттин кечээ жарыяланган статистикасына караганда, Грецияда азыр жумушсуздук деңгээли 27% ашты, ал эми жаштар арасында бул көрсөткүч дээрлик 60 пайызга жетет.

Банкрот болбоо аргасын издеген Греция өкмөтү буга дейре Еврошаркет менен Эл аралык Валюта корунан насыя алыш үчүн катаал үнөмдөө чараларына жана бюджеттин чыгымдарын кыскартууга макул болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG