Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

“Фридом Хаус”: Дүйнөдө басма сөз эркиндиги эң төмөнкү чекке түштү


Бул тууралуу баш кеңсеси АКШда жайгашкан уюмдун Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнү 3-майды утурлай бүгүн жарыялаган жаңы баяндамасында айтылат.

“Фридом Хаустун” долбоорлор боюнча директору Карин Дойч Карлекардын билдиргенине караганда, алардын соңку иликтөөсү басма сөз эркиндиги жагынан дүйнө азыр акыркы он жылдыктагы эң төмөнкү чекте турганын, “тескери тенденция” дүйнөнүн бардык аймактарынан байкалганын көргөзгөн. Карин Дойч Карлекар:

-Калк саны жагынан караганда көрүнүш бир топ эле караңгы. Биз дүйнө калкынын 14% гана прессасы эркин өлкөлөрдө жашарын аныктадык. Ошол эле учурда 43% жарым-жартылай эркин, дагы 43% пресса эркин эмес чөйрөдө өмүр сүрүүдө.

“Фридом Хаус” иликтөөгө камтылган 197 өлкөнүн 63нө “эркин”, 70не “жарым-жартылай эркин”, 64нө “эркин эмес” деген мүнөздөмө берген.

Кыргызстанды “Фридом Хаус” Борбор Азиянын калган мамлекеттерине салыштырмалуу “кыйла ачык жана кыйла айрымаланат” деп санаганы менен мурдагыдай эле “эркин эместердин” тизмесинде калтырган.

Борбор Азиядан эң оор абал Түркмөнстанда. Ал Түндүк Кореядан кийинки эң акыркы орунда. Алардын алдында Өзбекстан менен Беларус турат.

Эски совет аймагынан кырдаал Грузия менен Арменияда оңолгон. Азербайжанда басма сөз эркиндигинин абалы кыйла начарлаган.

Азия чөлкөмүнөн Ооганстан журналисттерге каршы кыянатчылыктарды токтотуу, расмий цензураны, прессага куугунтукту азайтуу жагынан Бирма мамлекетинен кийин эң жакшы жылыш жасаган экинчи өлкө болгон.

“Фридом Хаустун” пикиринде, Орусияда “теле, радио, басма сөз дээрлик толугу менен көзөмөлдөнөт”. (UE)

XS
SM
MD
LG