Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Көлбаевдин сотунда күбөлөр көрсөтмө берет


Бүгүн Бишкекте Биринчи май райондук соту Камчы Көлбаевдин ишин кароону улантат. Жогорку Соттон маалымдашкандай, анда күбөлөр көрсөтмө беришет.

Кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүнүн бири деп саналган Көлбаевдин соту апрелдин орто ченинде башталган. Ага кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган деген сыяктуу 10дон ашык берене боюнча айып коюлган.

АКШ наркобарондордун кара тизмесине киргизген Көлбаев былтыр декабрдын башында Бириккен Араб Эмираттарынан келгенден кийин камакка алынган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG