Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Шаардык сот “Ата Журттун" депутаттарынын ишин карайт


Бишкек шаардык соту бийликти басып алууга аракет кылган деп соттолгон “Ата Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун доо арызын бүгүн карайт. Бул тууралуу депутаттардын жактоочулары маалымдады.

Биринчи май райондук соту 29-мартта Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, Мамытов менен Ташиевдин үч жан сакчысын бир жылга эркинен ажыраткан. Коомдук ишмер Кубат Кожоналиев толугу менен акталган. Эл өкүлдөрүнүн адвокаттары сот өкүмүнө макул болбой, экинчи инстанцияга арыз менен кайрылышкан болчу.

Өткөн жылдын 3-октябрында Кумтөр боюнча нааразылык акцияда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн эле. Депутат бул аракетинде бийликти басып алуу болбогонун билдирип келет. (EBM).

XS
SM
MD
LG