Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

ЕККУ Исфананын суу маселесин чечүүгө көмөктөшөт


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Баткендин Исфана шаарындагы суу маселесин чечүүгө көмөктөшөт.

Бириккен Улуттар Уюму жана Германия өкмөтүнүн жардамы менен ишке ашырыла турган долбоордун алкагында шаардагы ичүүчү жана сугат сууну бөлүштүрүү иши ирээтке келтирилет. Суунун айынан чыккан чатактарды алдын алуу аракети жасалат.

ЕККУ Кыргызстандын табигый ресурстук базасын башкаруу жагынан соңку эки жылдан бери жардам берип келатат. Исфана боюнча долбоорго 26-апрелде кол коюлганы бүгүн кабарланды. (RK)

XS
SM
MD
LG