Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Чүйдө жер титиреди

Чүйдө бүгүн жер титиреди. Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы боюнча, саат 10:52де күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Очогу Кара-Балта шаарынан 70 чакырым түштүк-батыш, Бишкектен 110 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Силкинүү Тунук айылында 3 балл сезилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG