Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

БУУ: Иракта апрель айы эң кандуу болду


Ирактагы Бириккен улуттар уюмунун миссиясы өткөн ай соңку беш жылдан бери эң кандуу ай болгонун билдирди. Уюмдун эсебинде ар кандай кагылыштан 700дөн ашуун адам ажал тапты. Анын 400дөйү жайкын тургундар. Расмий Багдад болсо ажал тапкандар саны 240дөй киши деп билдирүүдө.

Кагылыш апрелдин этегинде Киркук шаарында качкындар лагеринде сунниттер менен коопсуздук күчтөрү кагылышкандан кийин дароо күчөп кеткен. Суннит активисттери жума сайын шиит өкмөтүнө каршы нааразылык акция өткөрүп жаткан. Андан көп өтпөй жаңжал өлкөнүн башка аймактарына да жайылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG