Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Кытайдагы куш тумоосунан улам Кыргызстан коопсуздук чараларды күчөттү


Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Төлөн Исаков коңшу Кытайда куш тумоосуна байланыштуу кырдаалдан улам коопсуздук чаралар күчөтүлгөнүн “Азаттыкка” маалымдады. Ага ылайык, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Кытай менен чектеш аймактардагы бөлүмдөрүнө жана Чек ара кызматына Кытайдан келгендерди кылдат текшерүү тапшырылды.

“Манас” аба майданына жана Эркечтам-Торугарт өткөрүү бекетинде адамдын дене табын 6-7 метр алыстыкта аныктай турган жабдуулар орнотулду. Ошондой эле куш тумоосуна чалдыкты деп шектелгендер лабораториялык шартта текшерүүдөн өтмөкчү. Учурда мындай учур каттала элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG