Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарындагы Теңдик айылынын айрым тургундары бул айыл коңшу Ноокен районуна өтүшү керек деп эсептейт. Бул үчүн алар Теңдиктин ичиндеги беш кыштактын төртөөндө жыйын өткөрүштү. Таш-Көмүр шаары аларды үрөн, жайыт жана айыл чарбасы үчүн тиешелүү адистер менен камсыз кыла албай жатканы, ал эми Ноокен району аларга сугат суу, техника жагынан жардам берип жатканы айтылды. Тиешелүү кайрылуу Таш-Көмүр шаардык кеңешине тапшырылды.
Бул маселени териштирип жаткан депутаттык комиссиянын башчысы Сулайман Сансызбаевдин "Азаттыкка" айтымында, теңдиктиктердин кайрылуусу шаар кеңештин сессиясында каралат.
Кайрылууга Теңдик айылында жашаган 3 600 адамдын 251и гана кол койгон. Кечээ ушул эле талап менен өткөрүлгөн жыйынга 400 киши катышты. (YA/RK)