Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Чүйдө Bike Burana-2013 веложүрүшү өтүп жатат


Кабарчыбыздын маалымдашынча, Bike Burana-2013 веложүрүшүнө жүздөй адам катышууда. Арасында алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн келген коноктор да бар. Алар Бишкектен анча алыс эмес жерде Кара дарыядан Буранага чейин 50 чакырымда велосипед тээп барышат. Уюштуруучулар мындай иш-чаранын максаты велоспортту даңазалоо жана туризмди өнүктүрүү экенин маалымдашкан.

Мындай веложүрүштөр буга чейин да уюштурулган. Анда Кеминден Ысык-Көлдүн түштүк жээгине чейин барышкан жана ага мурунку президент Роза Отунбаева баштаган аттуу-баштуу адамдар катышкан эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG